Карабалта шаарында жаңы сүт заводунун расмий ачылышы болду
2020-жылдын 3-сентябрында, чүй областынын жайыл районунун карабалта шаарында «жайыл милк» жчк жаңы сүт заводунун расмий ачылышы болду. Үчүнчү «Белая Река» заводунун ишке кириши менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, завод фермерлерге сүт багытындагы уйларды көбөйтүүгө кыйыр түрткү берет, анткени сүт өндүрүү пайдалуу жана ыңгайлуу болуп калды.
Бүгүнкү күндө заводго шаардан жана ага жакын жайгашкан айылдардан 50 кызматкер кабыл алынса, келечекте жумуш орундарын 100 бирдикке жеткирүү пландаштырылууда.
Алгачкы этапта заводдо: туздалбаган табигый, каймак майын – 72,5% майлуулугу бар "Крестянское", майсыздандырылган кургак сүт - 1,5% дан ашпаган майлуулугу менен, ГОСТ канты бар табигый коюлтулган сүт, ассортиментте өндүрүлөт. Азыктардын көпчүлүгү экспортко багытталган.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 тонна сүттү кайра иштетүүдѳн турат. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен 50 тонна иштетилет. Жакынкы үч жылда долбоордук кубаттуулукту күнүнө 150 тоннага жеткирүү пландалууда.
Жайыл районунун 6000ге жакын тургуну өз сүтүн жеңилдетилген шартта жана туруктуу негизде сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Компания жѳнүндѳ
«Кант Сүт» ЖЧКсы Кыргызстандын сүт ѳндүрүшүндѳгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт.
Компания 1998-жылдын 21-октябрында Фрунзе шаардык сүт заводунун сепаратордук цехинин базасында негизделген. Ишкана чийки сүттү жана даяр сүт азыгын даярдоо, кайра иштетип чыгаруу жана экспорттоо менен алектенет.
Ѳнүм
Биз каймак майын, сүт-кычкыл жана кислороддук ѳнүмдү жана таза чийки затты ѳндүрүүгѳ адистештирилебиз.
Ѳндүрүш
2012-жылы заводдун ордуна сүттү кайра иштетип чыгаруу жана таңгактоо боюнча заманбап жабдууланган жаңы имарат салынган. Ишкана толук мерчим режиминде иштейт.
Сапат
Товардын жогорку сапатын ISO 22000 «Азык ѳнүмдѳрүнүн коопсуздук менеджмент системасы» аталган эл аралык стандарт жана «Адал» сертификаты тастыктайт.
Ѳндүрүш
Сүт чогултуу
Сүт Чүй к областынын экологиялык таза аймактарынын мыкты фермерлик чарбаларынан келет
Чийки заттын анализи
Заводдун лабораториясында чийки зат катуу кѳзѳмѳлгѳ алынат
Кабыл алуу жана кайра иштетип чыгаруу
Сүт тазаланып, муздатылып, майлуулуктун керектелген пропорциясына жетүү үчүн кайра иштелип чыгарылат.
Даяр сүт азыктарын алуу
Ѳнүмдүн ар бир түрү ѳзүнчѳ цехтерде ѳндүрүлүп, таңгакталат.
Даяр ѳнүмдүн лабораториялык анализи
Даяр ѳнүмдүн санитардык нормалардын талаптарына ылайык келүүсү текшерилет.
Ѳнүмдү керектѳѳчүлѳргѳ жеткирип берүү
Керектѳѳчү биздин ѳнүмдү ѳндүрүлгѳн учурда тарта бир суткага жетпеген мѳѳнѳт ичинде алат.
Жаңылыктар
ТВга жарнама берүүгө тендер.
Кант-Сүт ЖЧКсы ТВга жарнама берүүгө тендер жарыял айт. Тендердик сунуштарды кабыл алуу аяктаган күнү 16.03.2023
Табигый сүт пайдалуу баада!
Сүттүн кɵлɵмү, курамы жана майлуулугу – бардыгы сакталган. Башкача айтканда силер үнɵмдүү баага ошол эле даамдуу жана пайдалуу сүттү аласыз.
Абайлаңыз: алдамчылар!
Достор, WhatsApp топторунда "Белая Река" компаниясынын гивин өткөрүү тууралуу жөнөтмө пайда болду. Алар анкеталарды толтурууга акчалай сыйлык убада кылышат. Булар алдамчылар.
Контакты
Тынымсыз байланыш
Время работы: с 7:30 до 22:00 без выходных
Отдел продаж
k.aidaraliev@kantsut.kgОтдел экспорта
export@kantsut.kgОтдел кадров
s.baktygulova@kantsut.kg© "Кант-Сут" ЖЧК, 2024