Компания

«Кант Сүт» ЖЧКсы Кыргыз Республикасындагы сүт ѳндүрүштүгүндѳгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Компания 1998-жылдын 21-октябрында Фрунзе шаардык сүт заводунун район аралык типтик сепаратордук цехинин базасында негизделген. Ишкана чийки сүттү жана даяр сүт азыктарын даярдоо, кайра иштетип чыгаруу жана экспорттоо менен алектенет. «Белая Река» соода маркасы алдында табигый, жогорку сапаттуу сүт азыктарын: каймак май, ынак сүт жана сүт-кычкыл ѳнүмдѳрүн ѳндүрүүгѳ адистештирилген.

2011-жылдын 20-февралындагы актынын негизинде «Кант Сүт»ЖЧКсы Бажы Биримдигинин талаптары боюнча инспекциясынын макулдугун алып, сүттү кайра иштетип чыгаруу жана үчүнчү ѳлкѳлѳрдѳн келген кѳзѳмѳл алдындагы товарларды сактоо менен алектенген уюмдар жана жактар Каттоосуна Кыргызстандагы эки ишкананын бири болуп киргизилген.

2012-жылы «Заводдун аймагына жаңы имарат кураа, сүттү кайра иштетип чыгаруу жана сүт азыктарын таңгактоо боюнча заманбап жабдууларды алуу» долбоору ишке ашырылган. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндѳ заводдун аймагында жаңы завод курулуп, заманбап сүт жабдуусу орнотулган. Сүт азыктарынын уюткуларын ѳндүрүү боюнча цех ишке кирип, жаңы муздаткыч камералар орнотулуп, компрессордук цех кайрадан жабдууланган. Ѳндүрүштүн электр-суу жана суу камсыздоосун уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүп, заводдун аймагын абаттоону жакшыртуу менен административдик жана тиричилик жайларында жасалгалоо иштери жүгүзүлгѳн.

Бүгүнкү күндѳ «Кант Сүт» ЖЧКсы кыргызстандагы сүт ѳндүрүштүгү боюнча лидер-компаниялардын катарына кирет. Россельхознадзор Россия рыногуна ѳз ѳнүмдѳрүн жѳнѳтүүгѳ укуктуу Кыргыз ишканаларынын тизмесин жарыялаган. Тизмеде бардыгы болуп15 компания бар, алардын ичинде «Кант Сүт» ЖЧКсы да бар.

Компаниянын миссиясы: «Кыргызстандын экологиялык таза сүт азыктарын колдонуу салтын сактоо».

Компаниянын баалуулуктары:

  • Сапаттуу, экологиялык таза чийки зат;
  • Ѳндүрүлүүчү сүт азыктарынын жогорку сапаты;
  • Жамаат жана командалык күч;
  • Социалдык жоопкерчилик;
  • Сүт ѳнѳр жайынын инновацияларын үзгүлтүксүз мыктылоо.

«Кант Сүт» ЖЧКсы – бул толук мерчим режиминде иштѳѳчү ишкана.

Компания жѳнүндѳ

«Кант Сүт» ЖЧКсы Кыргызстандын сүт ѳндүрүшүндѳгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт.

Компания 1998-жылдын 21-октябрында Фрунзе шаардык сүт заводунун сепаратордук цехинин базасында негизделген. Ишкана чийки сүттү жана даяр сүт азыгын даярдоо, кайра иштетип чыгаруу жана экспорттоо менен алектенет.

Продукция

Ѳнүм

Биз каймак майын, сүт-кычкыл жана кислороддук ѳнүмдү жана таза чийки затты ѳндүрүүгѳ адистештирилебиз.

Производство

Ѳндүрүш

2012-жылы заводдун ордуна сүттү кайра иштетип чыгаруу жана таңгактоо боюнча заманбап жабдууланган жаңы имарат салынган. Ишкана толук мерчим режиминде иштейт.

Качество

Сапат

Товардын жогорку сапатын ISO 22000 «Азык ѳнүмдѳрүнүн коопсуздук менеджмент системасы» аталган эл аралык стандарт жана «Адал» сертификаты тастыктайт.

Ѳндүрүш

Сбор молока
1

Сүт чогултуу

Сүт Чүй к областынын экологиялык таза аймактарынын мыкты фермерлик чарбаларынан келет

Анализ сырья
2

Чийки заттын анализи

Заводдун лабораториясында чийки зат катуу кѳзѳмѳлгѳ алынат

Прием и переработка
3

Кабыл алуу жана кайра иштетип чыгаруу

Сүт тазаланып, муздатылып, майлуулуктун керектелген пропорциясына жетүү үчүн кайра иштелип чыгарылат.

Получение готовых молочных продуктов
4

Даяр сүт азыктарын алуу

Ѳнүмдүн ар бир түрү ѳзүнчѳ цехтерде ѳндүрүлүп, таңгакталат.

Анализ готовой продукции в лаборатории
5

Даяр ѳнүмдүн лабораториялык анализи

Даяр ѳнүмдүн санитардык нормалардын талаптарына ылайык келүүсү текшерилет.

Доставка продукции потребителям
6

Ѳнүмдү керектѳѳчүлѳргѳ жеткирип берүү

Керектѳѳчү биздин ѳнүмдү ѳндүрүлгѳн учурда тарта бир суткага жетпеген мѳѳнѳт ичинде алат.

Контакты

Тынымсыз байланыш

Время работы: с 7:30 до 22:00 без выходных


Отдел продаж

k.aidaraliev@kantsut.kg

Отдел экспорта

export@kantsut.kg

Отдел кадров

s.baktygulova@kantsut.kg

© "Кант-Сут" ЖЧК, 2024