Кургак Сүт

Кургак майсыздандырылган сүт – пастерленген, сепарацияланган (майсыздандырылган) уй сүтүнкургатуудан алынган эриме поршокту элестетет. Кулинарияда кеңири колдонулат. Кѳптѳгѳн балдар азыктануулардын курамына кирет. Башка сүт азыктарын ѳндүрүүдѳ колдонулат. Кургак сүттү даярдоо жѳнѳкѳй сүт менен салыштырмалуу анын узагыраак мѳѳнѳткѳ сакталуусу менен шартталат. Ошондой эле тез эрүүчү кургак сүт да бар.

Кургак Майсыздандырылган Сүт
Кургак Майсыздандырылган Сүт

«Белая река» СМнын Кургак Майсыздандырылган Сүтү үчүн сүт тазалоо процессин ѳтүп, андан кийин тазаланган сүт сепарацияланып, мындан ары пастерленип, 5-7 градуска чейин муздатылып, цехке түшѳт. Андан кийин вакуумдук-кайнатуучу орнотмодо (ВКО) тартылган сүттү кайнатуу процесси башталат. Тартылган сүт жылыткычтарга берүү насосторуна берилип, анда 85 градус температурага чейин жылытылат да, буу бѳлгүчкѳ түшѳт, ал жерден тартылган сүттѳн бууланып чыккан ным конденсатка айланып, сордурулуп чыгат, мында тартылган сүттүн курамындагы суу да алынат. Аягында курамында кургак заттардын (48±2) % саны бар коюлтулган сүт алынат. Даяр коюлтулган сүт азык насосу менен идиштерге сордурулуп куюлуп, ал жерден шнек насосунун жардамы менен 220 градустук кургатуучу камерага түшѳт. Бул камеранын ичинде коюлтулган сүт чачкыч менен майда бѳлүкчѳлѳргѳ иштелип чыгып, кургатылып, андан кийин кургак майсыздандырылган сүт (Кургак Майсыздандырылган Сүт) кургаткычтан циклон аркылуу тартуучу желдеткич менен сорулуп чыгат. Мына ушундан кийин гана жыйынтыктоочу этап болгон – даяр азыкты таңгактоо башталат.

Контакты

Тынымсыз байланыш

Время работы: с 7:30 до 22:00 без выходных


Отдел продаж

k.aidaraliev@kantsut.kg

Отдел экспорта

export@kantsut.kg

Отдел кадров

s.baktygulova@kantsut.kg

© "Кант-Сут" ЖЧК, 2024